Борбор калаанын мэриясы муниципалдык батирлерди шаарга кайтаруу жана  муниципалдык менчик объектилерди инвентаризациялоо боюнча иштерин улантууда. Шаар тургундарын үй менен камсыз кылуу биздин биринчи кезектеги милдетибиз.

Балбак Түлөбаев жетим балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон шаардыктарга турак жайдын документтерин тапшырды, алардын арасында:

• Чокоева А.А. - Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу, эки баланын энеси. №5  кичирайонунан батир берилген.

• Клименко А.В. - жетим балдарга жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга арналган Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучусу, 1-топтогу майып, эки баланы тарбиялайт. №11 кичирайонунан батир берилген.

• Декин В.В. - Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу. Малдыбаев көчөсүндө салынган батирдин документтери берилди.

Белгилей кетсек, 2019-жылы күзүндө биз бул турак жайдан уруксаты жок баскынчыларды чыгарып, В.В.Декинди отурукташтырганбыз.

Ошондой эле, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун чечими менен Бишкек шаары, Фучик көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан муниципалдык жатаканада өзүм билемдик менен жашаган жарандар чыгарылып, бошогон эки бөлмө балдар үйлөрүнүн эки бүтүрүүчүсүнө берилди: Б.Ч.Үмөталиев. жана Караева А.К. Алар турак жайлары үчүн мыйзамдуу документтерди алышты.

• Монгуш А.Б. - Панфилов мектеп-интернатынын бүтүрүүчүсү, 2-топтогу майып. Фучик көчөсү, 18 дарегинде жайгашкан муниципалдык турак жай берилди.

• Рапилбекова Н.Р. - турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж "Жетимдер" категориясында каттоодо катталган. Малдыбаев көчөсү, 20 дарегинен батир берилди.

Белгилей кетсек, бардык талапкерлер райондук акимчиликтердин кайрылуусу менен сунушталган.
Б.Түлөбаев транспорттук жана муниципалдык мүлк боюнча борбордун вице-мэри Азиз Алымкуловго ийгиликтүү иши үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучунун  буйругу менен, жер ресурстар башкармалыгынын тобу 1999-жылга чейин жана андан кийин курулган жеке турак жай имараттарынын жер тилкелерин мыйзамдаштыруу  боюнча иштеп жатышат.

Бүгүн дагы үч үй-бүлөгө Бишкек шаарынын мэриясынын токтомдору тапшырылды, ага ылайык турак-жай имараттары үчүн мыйзамдуу документтерди ала алышат.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!