Жылытуу сезону кызуу жүрүп жатат. Шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын от казандарынын иши менен таанышты.

Бүгүн биз "Ротор", "Ботаникалык бак" жана №21 мектеп-интернатындагы үч от казанынын катуу суукка даярдыгын текшердик.

"Жал" кичи районунун жашоочуларынын үйлөрүн жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн "Ротор" от казанынын  морун алмаштыруу иштери жүргүзүлдү. Мордун конструкциясын техникалык диагностикалоонун жыйынтыгы боюнча, иштетүүгө ылайыксыз болгондуктан алмаштырууну талап кылган.

Эске салсак, от казан шаардын экологиясы үчүн коопсуз, ал жаратылыш газы менен иштейт. Ротор №80 мектепти, Эне жана баланы коргоо улуттук борборун, 66 үйдү, анын  ичинен 64ү көп кабаттуу үй  жана эки жатакананы тейлейт.

Быйыл “Ботаникалык бак” от казанында REX-450 эки газ казандары демонтаждалды жана кубаттуулугу 4,5 МВт жаңы ROSSEN орнотулду. Тармактык насостун электр кыймылдаткычы оңдолду. Резервуар даярдалды, жаңы чатыр менен химиялык суу тазалоочу жабдуулар үчүн имарат курулду. Эки жаңы насос иштеп жатат: муздак суу жана туздуу насос үчүн. Эки жылуулук алмаштыргыч жана бир кеңейтүүчү бак орнотулган.

"Ботсад" от казаны да жаратылыш газы менен иштейт. Ал №61 мектепти, №16 үй-бүлөлүк медицина борборун, РИИБ, 42 көп кабаттуу үйдү жана эки жатакананы тейлейт.

№21 мектеп-интернат 1972-жылы угуусу начар балдар үчүн курулган. Мектептин имараты менен кошо мектепти жылуулук менен камсыздоо үчүн от казаны курулган.

Шаардын экологиясын коргоо планын ишке ашыруунун алкагында, “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы өз каражатынын эсебинен от казанды жаратылыш газына өткөрдү. Бул зыяндуу заттардын көлөмүн жылына 19,7 тоннага азайтууга мүмкүндүк берет.

От казанда кубаттуулугу 400 кВт болгон 2 заманбап ROSSEN газ казандары, диаметри бар жаңы мор, насостор, мембрана тибиндеги газ эсептегич, 200 литр мембрана челеги, электромагниттик газ клапаны орнотулуп, электр менен жабдуу тутуму толугу менен жаңыртылды. Ошондой эле, эшиктер, терезелер, чатыры алмаштырылып, үй бөлмөсү, душ бөлмөсү жаңыртылып, операторлордун иштеши үчүн бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн.

Эске салсак, "Бишкекжылуулукэнерго" коммуналдык ишканасынын базасында 66 буу казандары иштейт, алар 624 турак үйдү, 12 саламаттыкты сактоо мекемесин, 40 орто мектепти, 14 бала бакчаны, 8 жогорку окуу жайын, 26 башка бюджеттик мекемелерди жана башка 193 керектөөчүнү камтыйт.

Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!